Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын президенти кызмат ордунда калды. Бул тууралуу аталган федерациядан «Маралга» кабарлашты.
Маалыматка караганда, 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев жана «Көк бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиев жолугушкан.
Анда Түмөнбаев бардык чечим мыйзамдуу болуш керек экендигин белгилеп, федерациянын азыркы президенти Талас Бегалиев өз ишин татыктуу аткарып жатканын айткан жана кызматын улантаарын билдирген.
Талас Бегалиев жакын арада Көк бөрү федерациясы сьездин жарыялап, жасалган иштери тууралуу отчет берерин айткан.
Белгилей кетсек, кечээ, 16-февралда Көк бөрү федерациясынын айрым аймактарынын жетекчилери жана улакчылар кезексиз жыйын өткөрүшкөн. Анда федерациянын президенти Талас Бегалиевдин ишмердүүлүгүнө нааразычылык айтылып, кызматтан алуу маселесин көтөрүшкөн.
Жыйынтыгында Талас Бегалиевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевди аталган федерациянын президенти кылып шайлашкан.