Биз менен байланышыңыз

Байпак чыгарган Lucky Socks бренди Казакстандын базарына кирди

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 398 | 0

Кыргызстанда креативдүү жазуулары, сүрөттөрү менен байпак чыгарган Socks Master компаниясы продукциясын Казакстанга  экспорттой баштады. Бул тууралуу компаниянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Өндүрүштү кеңейтүүгө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 50 миң доллар грант катарында жардам көрсөткөн.

16-февралда USAIDдин өнүктүрүү саясаты жана программалары боюнча администраторунун орун басары Изобель Коулман, уюмдун Азия боюнча бюросунун жетекчиси Майкл Шиффер компаниянын өндүрүшү менен таанышып чыгышты.

Былтыр USAIDдин колдоосу менен Socks Master компаниясы заманбап жабдууларды алып, Кыргызстанда биринчилерден болуп термо жана спорттук байпак өндүрүшүн ишке киргизген.

Алгач байпак буюмдарын импорттоо менен алектенген компания 2018-жылы 6 токуу станогу менен өз өндүрүшүн баштаган. Ал эми 2020-жылы белгилүү байпактар ​​Lucky Socks бренди менен чыга баштаган. Ишкана өндүрүштү кеңейтип, 40 адамды жумуш менен камсыз кылган. Жакынкы арада дагы 15 адамды жумушка алууну пландап жатат.

USAID менен өнөктөштүктүн аркасында Кыргызстандын жарандары үчүн 61 жумуш орундары түзүлөт.

Бүгүнкү күндө компания продукцияларын Казакстанга жөнөтөт. Буга катар OEKO-TEX эл аралык сертификатын алууга даярданып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM