Биз менен байланышыңыз

18-февралда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 146 | 0

Кыргызгидрометин маалыматына караганда, эртең, 18-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3,

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +1…+3 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM