Connect with us

УКМК: Мурдагы прокурор пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 298 | 0

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден акча талап кылууга жана алдамчылыкка шектелип, прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери  Т. Т. Т. кармалды. Бул тууралуу Атайын кызмат 17-февралда кабарлады.

Кармалган жаран мурдагы кызматына таянып, «өлкө башчы, УКМК төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышым бар» деп, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзүп жүргөн жана майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден пара алып келген.

Маалыматка караганда ал Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 мин доллар алганы такталган.

УКМК ал мындан тышкары алдамчылык жолу менен башка жарандардан да акча талап кылып жүргөнүн кабарлады. Кармалган жарандын атасы Т. Т. М. учурда Жалал-Абадда «Унаа» мамлекеттик ишканасында иштейт.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Атайын кызмат анын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын дарегине кайрылууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM