Биз менен байланышыңыз

Түркияга жардам. Атайын эсепке 44 млн сом чогулду

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 270 | 0

Бүгүн, 17-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке кыргызстандыктар 44 млн 701 миң 937 сом жана 14 миң 400 рубль топтоду.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам чогултту.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM