Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыгарыла баштады

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 461 | 0

Бүгүн, 17-февралдан тарта Бишкекке Кытайдан алып келинген 50 автобус каттамга чыгарыла баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүндөн баштап бекитилген багыттар боюнча 38-42-48-автобус жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бири мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар.

Жаңы автобустар учурдагы линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон— 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№ 48 автобус (Батыш автобекети — Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 чакырым, аралыгы 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM