Биз менен байланышыңыз

Мектепке күчүк алып келген баланы тилдеген мугалимге сөгүш берилди

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 1727 | 0

Интернетте Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бабажан Айтматов атындагы мектептин мугалими класска күчүк алып келген окуучуну урушуп жаткан видео тарады.

Видеодо мугалим балага кыйкырып, күчүктү ким жана эмне үчүн мектепке алып келгенин сурап, тилдегенин көрүүгө болот. Мугалим соцпедагогдун жана директордун алдында баланы мектептен чыгарып жиберерин айткан.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимге сөгүш берилгенин, мектеп директору жана социалдык педагог эскертүү алганын маалымдады.

Окуя боюнча райондук администрация териштирүү жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM