Биз менен байланышыңыз

Материалдык резервдер фондунда 5 миң тонна жаздык үрөн бар

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 209 | 0

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында Орусиядан алып келинген жазгы үрөндүн калдыгы 5 миң 120 тоннаны түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинен, буудай – 1302,3 тонна, арпа – 3607,246 тонна, күн карама – 69,410 тонна, сафлер – 6,240 тонна, соя – 42,140 тонна, горох – 92,550 тонна, люцерна (кара беде) – 0,150 тонна.

Жаздык үрөн алуу үчүн дыйкандар жергиликтүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылышы керек.

2022-жылы 644 миң гектар аңызга эгин эгилген. Анын ичинде буудай 233 гектар жерге себилген, бул мурдагы жылдан 16 миң гектарга аз. Арпа 234 миң гектарга себилген. Андан 197 пайызга көбүрөөк түшүм алынды. Кант кызылчасы былтыр 1,2 миң гектарга азыраак эгилди, бирок түшүм жогору болуп, 518 центнерди түздү.

Кыргызстанда жалпы 1 млн 268 миң гектар айдоо жери бар. Былтыркы жылга салыштырмалуу 400 миң гектар жерге көбөйтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM