Венгриялык компания дүйнөдөгү эң мыкты татым Кыргызстандын балы экенин даңазалаган видеоролик тартты. Ал Будапештте өткөн кыргыз-венгер форумунда көрсөтүлдү.
Видеороликте дүйнөдөгү эң мыкты балды издеген Fulmer Apairy венгер үй-бүлөлүк компаниясынан өкүлдөр Кыргызстанга келгени баяндалат. Алар өлкөнүн бардык жерин кыдырып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна токтолушат. Ал жерге лагер куруп, дүйнөдөгү эң мыкты балды өндүрүшөт.
Fulmer Apairy компаниясы Кыргызстанды дүйнөдөгү эң мыкты бал өндүрүлгөн жер катары Венгрияга жана Европа Биримдигине таанытуу жана сатуу боюнча жарнамалык өнөктүгүн баштады.