Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Ош шаарында 44 бала бакча менчикке берилип кеткен

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 270 | 0

Ош шаарында 44 бала бакча убагында башка максатта колдонууга берилип кеткен, алар азыр бала бакча катары иштебейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 16-февралдагы жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча башка максатта колдонулуп жаткан бала бакчаларды бошотууга үч ай убакыт берилет. Мамлекеттик мекемелер кирип алган болсо бошотушат, эгер менчик жактар болсо, алар да бала бакча катары иштетүүгө милдет алышат, антпесе үч айдан кийин имарат мамлекетке өтөт. Акылбек Жапаров бул иште депутаттардын жардамы керектигин айтты.

Жапаровдун маалыматына караганда, Ош шаарынын бюджетин быйыл 926 млн сомго көтөрүшөт. Республикалык бюджеттен да 926 млн сом бөлүнөт. Жалпысынан быйыл Ош шаарын өнүктүүүгө 2 млрд сом каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM