Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Лейлек районуна күйүүчү май жеткирүү маселеси чечилет

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 157 | 0

Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынындагы өкмөттүк саат учурунда депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлек районундагы дыйкандар күйүүчү майды каяктан аларын сурады. Себеби райондун өзүндө күйүүчү май куйган жайлар жок, дыйкандар Баткен шаарынан алып келишет.

Жыйында айтылгандай, бүгүнкү күндө мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 3, 5 млн литрге жакын дизелдик отун бар. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааны 65 сомдон бекиткен. Бардык облустарга таратылат. Баткенде «Кыргыз петролиум» май куюучу станциясы болбогондуктан күйүүчү май жок дегенде Жалал-Абадга жеткирилет.

Депутат Лейлек районундагы дыйкандардын күйүүчү май маселеси көйгөй бойдон калганын айтып, өзүнчө кампа ачуу жолун кароону сунуштады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лейлекке күйүүчү майды жеткирүү жолу чечилерине ишендирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM