Биз менен байланышыңыз

Түркияда кытайлык куткаруучу Ислам динин кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 1365 | 0

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышып жаткан Кытай куткаруучусу Цзюнь Кан Ислам динин кабыл алып, мусулман болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Кан Кытайдын издөө-куткаруу тобун жетектеп, Түркиянын зилзала болгон аймактарынын бири Малатья шаарына барган.

Ал урандылардын арасынан «Куран» китебин таап алып, түркиялык куткаруучуга берген. Бирок түрк жараны китепти Канга белек кылган.

Цзюнь Кан аны белги катары кабыл алып, көп өтпөй Ислам динин кабыл алуу чечимин жарыялаган. Кытай куткаруучусу ыйман күбөлүгүн айткандан кийин атын Юсуф деп өзгөрткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM