Connect with us

Садыр Жапаров Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча үн катты

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 600 | 0

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча «Кабар» агенттигинин суроосуна жооп берди. Журналист: «Соттун чечимине көз карашыңыз кандай болду, чечимине макулсузбу?» деп сураган.

Садыр Жапаров соттун чечимине баш ийүү керектигин айтып, душманынын да түрмөдө болушун каалабай турганын жана кечиримдүү болуу керек экенин белгиледи.

«Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси, мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр да Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.

«Түрмөдө жыландын баласы да жатпасын» деген сөз бар. Мен душманымдын да түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын», — деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык ишибиз дайыма алдыга жылат», — деди Садыр Жапаров.

14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Ал 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти.

Атамбаев 2019-жылдан бери абакта болчу. Жогорку Сот 13-февралдагы чечими менен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM