Connect with us

Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн менчик клиникага жаткырылды

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 392 | 0

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн менчик клиникага жаткырылды. Бул тууралуу Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева кабарлады.

Жээнбеков саламаттыгы начарлап кеткенин, анализдердин жыйынтыгында боор оорусу күчөп кеткени белгилүү болгонун 25-январда билдирген. Анын айтымында, атайын дарыгер да, №1 тергөө абагынын дарыгери да абалы оор экенин тастыктап, ооруканадан дарылануу зарылдыгын эскерткен.

Жээнбеков абалына байланыштуу башкы прокурорго, юстиция министрине, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасаган.

Кемпир-Абадга байланыштуу кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM