Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын сыртына чыгып, дарыланып келүүгө уруксат берди.
Соттун токтомунда айтылгандай, бул дарылануу зарылдыгына байланыштуу. Токтомдун сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.
Атамбаевдин жакындары «Маралга» кабарлагандай, ал азыр Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинде.
Жогорку Сот Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү.
Атамбаев абакта кармалып жатканда пневмония, жүрөк оорусу, гастрит жана башка оорулар боюнча диагноз коюлган.