Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Кыска кабар , Спорт | 14 Фев 2023 | 260 | 0

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) рейтингдик мелдеш өткөрүү боюнча Кыргызстандын күрөш федерациясынын арызын канааттандырды.

Федерациянын маалыматына караганда, 2023-жылдагы үчүнчү рейтингдик мелдеш 1-4-июнда Бишкекте өтүп, Kaba Uulu Kozhomkul & Raatbek Sanatbaev деп аталат. Анда балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча килемге чыгат.

Мындан сырткары, UWW уюму Бишкекте дагы бир турнир өткөрүүнү колдоду. Борбор калаада 10-18-июнда жаштар арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 2022-жылы U-17 жана U-23 Азия чемпионаты, 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпионаты жана 2012-жылы кадеттер арасында Азия чемпионаты өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM