Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен кетти

Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 234 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке (Венгрия) жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кыргызстандан барган расмий делегациянын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков;

— билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;

— санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— юстиция министри Аяз Баетов.

Жапаров Венгрияда расмий сапар менен 12-14-февраль күндөрү болот.

Copyright © 2017 Maral FM