Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мектеп автобустарынын каттамы токтоду

Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 1918 | 2

Бишкекте мектеп автобустарын каттамга чыгаруу боюнча пилоттук долбоор аягына чыкты. Бул тууралуу уюштуруучулар Instagram баракчасына жарыялашты.

Маалыматка караганда, мектеп автобустары пилоттук режимде 35 күн, 24-ноябрдан 10-февралга чейин жүрдү. Бул убакыттын ичинде мектеп карталарын колдонуу менен 3000ден ашык каттам аткарылды. Долбоордун мөөнөтү аба ырайынын суук болгон күндөрү дагы узартылган.

«Сабактын графиги ар башка болгондуктан, ар бир мектеп үчүн убакытты тууралоого аракет кылдык. Биз ата-энелерге жана мектеп окуучуларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз, анткени сиздер менен биргеликте мектеп автобустарынын тейлөөсүн жана биздин долбоорду жакшырттык», — деп айтылат маалыматта.

Аталган долбоор 13-февралдан тарта токтотулду. Уюштуруучулар долбоорду мындан ары инвесторлорду тартуу аркылуу ишке ашыруу аракети көрүлөрүн билдиришти.

«Скул Бас» ЖЧКсы ишке ашырган пилоттук долбоор алкагында жүргөн мектеп автобустарына жол кирени мектеп жана ташуучу аныктайт. Аны жеке компания Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте ишке киргизген.

2 пикир

2 пикир

  1. Салкынай

    12.02.2023 19:12

    Окуучулар учун автобустар жургону жакшы, колдойм. Баштаган ишинерди аягына чыгарышынарга тилектешиин.

  2. Салкынай

    12.02.2023 19:14

    Окуучулар учун автобустар жургону туура, колдойм. Баштаган ишинерди аягына чейин аткарышынарга тилектешиин. Ийгилик.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM