Биз менен байланышыңыз

Күндүн сүрөтү. Дагы 50 куткаруучу Түркияга жөнөдү

Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 389 | 0

Кыргызстан Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн 12-февралда дагы 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөттү.

Калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар  келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилет.

«Манас» аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

ӨКМ Түркиядагы элчилик, Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен тыгыз иш алып барууда.

Кыргызстандан буга чейин барган 67 куткаруучусу Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM