Биз менен байланышыңыз

Париждин мэри Орусиянын Олимпиадага катышуусуна каршы чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 8 Фев 2023 | 384 | 0

Париждин мэри Энн Идальго Украина менен чыр-чатак токтобосо, 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынан орус делегациясын көргүсү келбей турганын «France Info» радиосуна маек куруп жатып билдирди.

«Мен алардын жок болушун каалайт элем… Бул жаңжал уланып жатканда орус өкүлчүлүгүнүн Парижге эч нерсе болбогондой келиши мүмкүн эмес, ал эми Украинада окуялар уланып жатат… Мен орус өкүлчүлүгүнүн Париждеги оюндарга келишине каршымын, эгер чыр-чатак ошол учурда дагы деле улана берсе», — деди Идальго.

Белгилей кетсек, Жайкы Олимпиада оюндары Парижде 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM