Биз менен байланышыңыз

Умрада ыйлаган, дуба кылган сүрөттөрдү соцтармакка жүктөө туурабы?

Блог , Пикирлер | 7 Фев 2023 | 895 | 0

Акыркы учурларда умра сапарына барган кыргызстандыктар, аны менен катар сапарга алып барган турагенттиктер көбөйдү. Мындан улам биз умра сапары, ага баруунун шарттары, кичи ажылыкта аткарыла турган амалдар боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев менен маектештик.

— Умрага кимдер барышы керек?

— Негизи, ажылык жана умра сапарына өмүрүндө бир жолу баруу — колунда бар, момун мусулмандар үчүн парз болгон ибадат.

Ажылык ибадаты белгилүү бир жылдын белгиленген убактысына таандык. Ал эми умра ибадаты Ханафи мазхабында айтылган, адам өзү каалаган учурда бара турган сүннөт ибадат. Мунун негизги максаты: биринчиден, Алла Тааланын үйү болгон Каабаны айлануу, зыярат кылуу; экинчиден, Пайгамбарыбыздын шаары Мадинага зыярат кылып, Куран окуу, Пайгамбарыбыз: «Кимде-ким мага зыяратка келген болсо, мени өңүндө көргөнчөлүк сооп алат», — деген; үчүнчүдөн, бул — Ислам тарыхы, ал жерге барганда, ошол  өлкөнүн эли, жаратылышы, маданияты, пайгамбарлардын, исламдын тарыхы менен таанышып, пайдалуу маалыматтарды алат. Эң башкысы, көңүл ачуу үчүн эмес, ибадат кылуу, тазалануу, сооп жыйноо үчүн, ал жердин өзүнүн парзы бар дегендей, мына ошол парзды аткаруу үчүн баруу керек.

Ооба, сиз айткандай, зыяратка баруучулардын да, аларды алып баруучу турлардын да саны аябагандай көбөйдү. Албетте, бул жакшы нерсе. Бирок «сан көбөйгөн сайын сапат түшө баштайт» дегендей, барган адам өз максатын, эмнеге келгенин да билиши керек.

— Умра башчыларын тандоодо эмнелерге маани берилиши керек? Алардын негизги милдети кандай?

— Умра башчылары сөзсүз керек. Анткени бул туристтик саякат, оюн-зоок ойной турган же жөн гана барып тоо-ташты көрүп келе турган жер эмес, ал жер — руханий өсүүчү жер. Ошондуктан, сөзсүз түрдө умра башчысы болушу шарт. Умра башчы биринчиден, умра сапардын максатын, Исламдын, пайгамбарлардын тарыхын билиши, динден башкаларга салыштырмалуу жакшыраак түшүнүгү болушу, негизгиси, жамаат менен иштеше алышы керек.

— Умрага башчынын араб тилин билүүсү зарылбы?

— Араб тилин билиши шарт деп айтпайм. Бирок диний сабаты болушу керек. Бүгүнкү күндө ал жакта кызмат көрсөткөндөр Пакистан, Бангладеш, Индия ж.б. өлкөлөрдүн жарандары болгондуктан, алар менен баарлашууда орток тил керек.

— Кээ бир адамдар умрага барып, мечитте намаз окуп жатканын, же дагы башка жерде ыйлап дуба кылып жүргөнүн сүрөткө, видеого тартып, социалдык баракчаларга жүктөп жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

— Мекендештерибизге айтат элем: сүрөткө түшүңүздөр, бирок аша чаап кетпеңиздер. Сүрөткө түшүү, видеого тартуу эскерүү катарында, кийин жакшы көз ирмемдерди эстөө максатында болсо, ага уруксат берилет. А бирок бирөөгө көрүнүү үчүн, мактануу үчүн, социалдык тармактагы катталуучуларын көбөйтүү үчүн тартылган болсо, анда ал дурус эмес. Амалдар ниетке жараша болот. Ким кандай ниетте барса, ошол ниетине жетет. Андыктан Умра сапарына Алланын ыраазычылыгын алуу, сооп табуу ниетинде барыңыздар.

-Кыргызда умрадан, ажылыктан келгенден кийин той өткөрүү салтка айланып калган. Бул канчалык деңгээлде туура?

— Пайгамбарыбыздын убагында той өткөргөн эмес, мындай жоруктан алыс болгон. Той өткөрүү, кызыл килем төшөө, мал союу шарт эмес, ал — жөн гана «эл көрсүн, кожо көрсүн» деп мактануу. Сапардан келген соң, жөн гана тууган-уругун чакырып, ал жактан алып келген руханий байлыгы менен бөлүшкөнү оң.

— Ажылыкка тууганын, кошунасын ыраазы кылып, анан баруу керекпи?

— Албетте, күнөөлөрдүн кечирилишин, сооптордун эселеп көбөйүшүн кааласа, анда дос-душманын ыраазы кылып баруусу керек.

Шариятта бирөөдөн карыз алып же уурдап-тоноп барган да болбойт. Карыз алса берип дегендей, бирөөнү таарынтып алса, кечирим сурап, өзү да кечирип барганы эң туура. Эгер карызы аз суммада болсо, барганга чейин бергени жакшы. Көп болсо, сапардан келип төлөөгө чамасы жетсе, барганы  дурусураак болот.

Маектешкен: Азамат Убраимов

Даярдаган: Аида Омурзакова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM