Биз менен байланышыңыз

Түркияда жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 465 | 0

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандардын саны үч миңге жакындады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдиргенин Anadolu агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кырсыктан 2379 адам каза болгон. Дагы 15 834 адам жарадар болгон. Буга чейин жер титирөөдө 5606 имарат урап калганы кабарланган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 12-февралга чейин өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

«2023-жылдын 6-февралында өлкөбүздөгү жер титирөөлөргө байланыштуу жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды. 12-февраль күнү бардык улуттук жана чет элдик өкүлчүлүктөрдө желегибиз ылдый түшүрүлөт», — деди түрк лидери.

Белгилей кетсек, 6-февралда эртең менен Түркияда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, бул өлкөдөгү 1939-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болду.

Copyright © 2017 Maral FM