Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияга жардамга жөнөп кетти (сүрөт)

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 522 | 0

Бүгүн, 6-февралда жер титрөө катталган Түркияга кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркияга жөнөп кетти.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Министрлик жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөрүн кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM