Биз менен байланышыңыз

Федор Емельяненко карьерасын жеңилүү менен жыйынтыктады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 5 Фев 2023 | 442 | 0

Аралаш мушташ боюнча белгилүү орусиялык мушкер Федор Емельяненко Лос-Анжелес шаарында өткөн Bellator 290 турниринин негизги беттешинде америкалык Райан Бейдерге утулуп калды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.

Беттеш аяктагандан кийин Федор Емельяненко карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.

«Бир чети силерди кубанта албаганыма өкүнөм. Ал эми экинчи жагынан, силер мени колдогонуңуздарга, ондогон жылдар бою мени менен бирге болгон күйөрмандарым бул жерге чогулганына кубанычтамын. Эми мен балдарды машыктырам. Мен жыйнтыктадым. Баарыңарга рахмат», — деди 46 жаштагы Емельяненко.

Эске салсак, Емельяненко карьерасында 48 беттеш өткөрүп, анын 40 жеңген (16сын нокаут менен), ошондой эле жети жеңилүү ызасын тарткан. Орусиялык спортчу катышкан бир беттеш жараксыз деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM