Биз менен байланышыңыз

Zagreb Open: Айпери Медет кызы күмүш байгеге ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 5 Фев 2023 | 364 | 0

Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн эл аралык рейтингдик турнирде күмүш медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан үч беттешинде дагы таза жеңишке жетип финалга чыккан. Финалдык кармашта Медет кызы америкалык атаандашы Елена Макойедке 4:2 эсебинде жеңилип калды.

Мелдеш 1-5-февралда Хорватиянын Загреб шаарында өтүүдө. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштаган.

Буга чейин Айпери Медет кызы Индия, Канада, Кытайдан келген атаандаштарын таза жеңип финалга чыккан.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM