Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын биринчи айымы Улуттук тарых музейин кыдырды (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 3562 | 0

Өзбекстан президентинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында, Борбордук Азиядагы эң ири музей – Улуттук тарых музейине Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Хошимова менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова барды. Бул тууралуу музейдин маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи айымдарды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгулов жана музейдин жетекчиси Жылдыз Бакашова тосуп алышкан.

Атайын сапар менен келген ардактуу меймандар маданият чөйрөсүндө чоң иштерди аткарып келе жаткан илимий институт – тарых музейинин экспозициясындагы ата-бабаларыбыздын жана түрк дүйнөсүнүн түптүү тарыхын ачып көрсөткөн, түпкү булактык башат болгон уникалдуу коллекцияларды өтө кызыгуу менен көрүп чыгышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүгүү этаптары менен улуттук интеллигенциянын ишмердүүлүгү жана кыргыз элинин турмушу тууралуу даректүү маалыматтар, Евразия чөлкөмүнүн зор мейкиндигинде ат ойноткон улуу элдин турмуш-тиричилигинен – маданият-интеллектине чейинки жашоосунун мыйзам ченемин, элге энчиленип калтырылган руханий уңгусун жана ошол доордун нарк-дөөлөттөрүн негиздүү чагылдырган мыкты коллекциялар, жогорку даражадагы сый коноктордун суктануусун жаратканы айтылат маалыматта.

Атайын келген биринчи айымдар илгерки мезгилден – азыркы күнгө чейинкини аздектеп сактап келе жаткан музейге жаратмандык ийгилик каалап, терең ыраазычылыгын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM