Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Бул жаатта бүгүн парламенттик угуу болуп өттү. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.
Долбоордун авторлору: Жогорку Кеңештин төрт депутаты – Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо. Алар мыйзам долбоорун 22-декабрда коомдук талкууга чыгарышкан.
Парламенттик угууга катышкан коомдук ишмерлер, тарыхчылар, изилдөөчүлөр коомдук талкууда турган мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын айтышты.
Мыйзамдын мааниси жана зарылчылыгы туурасында алдыда кененирээк токтолобуз.
Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү репрессиянын курмандыгы болгон.
Сунушталган мыйзам долбоорунда 1918-1924-жылдардагы «кызыл террор» жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Жанар Акаев документ тарыхый адилеттүүлүк үчүн маанилүү экенин айтты.
«Бизде азыркы жаш муун эгемен Кыргызстан асмандан түшүп калгандай, өзү эле жаралып калгандай көрөт. Андай эмес, эгемен, эркин өлкө болуу үчүн миңдеген ата-бабаларыбыздын каны-жаны берилди. Алар Кыргызстан деген өлкөнү түптөп, негиздеп берип кеткенден кийин мындан ары кубаттуу өлкөнү түптөө миссиясы бизде турат. «Жөн гана юбилейлер менен чектелбестен, документ катары мыйзамдык база менен бекитип, анан ошону муундан муунга сабак катары калтырышыбыз керек» деген демилгенин үстүндө иш алып баруудабыз».
Тарых илимдеринин доктору, Коопсуздук кызматынын эмгек сиңирген ардагери, «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары» он томдук китебинин автору Болот Абдрахманов ушул күнгө чейин жашыруун болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин архивинде сакталып, тарыхчылардын колу жетпей келаткан документтерди ачыкка чыгаруу зарылчылыгын белгиледи. Ал документтер коомчулукка жарыяланса, массалык репрессия боюнча бир топ жаңы маалыматтар чыга турганына токтолду.
«Саясий репрессияга тиешелүү материалдарды ачсак, азыр да миңдеген Кыргызстандын жарандары өзүнүн туугандарынын, чоң ата, таяталарынын аттарын угат, көрөт. Ушул мыйзам долбоорунун эң чоң максаты азыркы муун репрессиядан сабак чыгарып, эртең кайталанбай тургандай кылып чара көрүү болуп саналат. Эгерде өзүбүздүн тарыхыбызды, ошол репрессиянын себептерин билбесек, ал нерселер дагы деле боло берет».
Аталган мыйзам кабыл алынса, башка мыйзамдардан айырмаланып, ал юридикалык, саясий жана руханий документ болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев белгилеп, мыйзамдын кабыл алышынын зарылчылыгын мындай түшүндүрдү:
«Бул мыйзам эмне үчүн керек? Биринчиден, тарыхты билүү үчүн, экинчиден, калыстык орноп, алардын атына көө жабылбашы үчүн, үчүнчүдөн, сабак алып, кайталанбашы үчүн керек. Дүйнөдө эч бир Сталин, эч бир репрессия адамдын өмүрүнөн бийик тура албайт. Кудай жараткан адамдын өмүрүн Кудай гана ала алат. Мыйзамдан да бийик нерсе – бул улуттук парз, биздин миссия».
Мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеш саясий репрессиялардын курмандыктарын актоо боюнча комиссия түзөт.
1937-1938-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан ар кандай булактарда 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы айтылат.
Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков өңдүү кыргыз интеллигенциясынын бир нече өкүлүнө, көптөгөн коомдук-партиялык ишмерлерге «эл душманы» деген айып коюлуп, атууга кеткен. Алардын ичинен 137 адамдын сөөгү 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана Бүбүйра Кыдыралиеванын айтуусу менен учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагынан табылган.
Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР боюнча 1,7 миллион адам камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен.
Ал эми өлкөдө мурдагы бийликтин тушунда Октябрь революциясынын жеңиш күнү катары майрамдалып келген 7-8-ноябрь күндөрү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» деп жарыяланган.
Абдрахманов: 1937-38-жылдары эң көп кыргыз улутундагылар репрессияланган