Бүгүн, 27-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрү өтөт.
Анда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү пландарын талкууланат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.
Шавкат Мирзиёев 26-январда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары менен келди. Анын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү.