Биз менен байланышыңыз

Медициналык камсыздандыруу алуу ар бир жаранга милдеттендирилет

Коом , Экономика | 24 Янв 2023 | 1906 | 0

Министрлер кабинети чет элдик жарандарды жана кыргызстандыктарды медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирүүнү сунуштады.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Ага ылайык, өлкөдө жашап жаткан бардык жаран медициналык камсыздандыруу алууга милдеттендирилет. Бул үчүн жарандар жылына 1 504 сом төлөп турат. Ага камсыздандыруу полиси берилген соң, ошол жылы дары-дармек сатып алууда, ооруканада дарыланууда жеңилдиктер берилет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуунун жол-жобосуна, элдин жана адистердин пикирлерине алдыда кененирээк токтолобуз. 

Өкмөт кыргызстандыктарды медициналык камсыздандыруу алууга милдеттендирүү менен бюджетке кошумча 8 млрд сом табууну көздөп жатканы айтылууда.

«Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоорунун алкагында учурда Кыргызстанга кыска убакытка келип-кеткен чет элдик жарандарга да медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу каралууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов жаңы өзгөртүүлөр боюнча Кыргызстандын 16 жашка толгон жарандары, өлкөдө окуп, иштеп жаткан чет элдиктер, кайрылмандар, качкын статусу барлар да милдеттүү медициналык камсыздандыруу алышы керек болорун белгилеп, алты категориядагы жарандарды мамлекет өзү камсыздай турганын маалымдады:

«Кыргызстандын калкынын саны жети миллион болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда катталгандардын саны алты миллион 700 киши. Анын төрт миллион 900ү медициналык жактан камсыздандырылган. Бул жалпы калктын 73 пайызын түзөт. 67 пайызын мамлекет камсыздандырган. Аларга 16 жашка чейинки балдар, 70 жаштан жогорку пенсионерлер, социалдык жөлөк пул алуучулар, жумушсуз каттоодо тургандар, студенттер жана аскер кызматкерлери кирет. Андан сырткары эки миллионго жакын эмгекке жарамдуу өз алдынча иштеген кыргызстандык медициналык камсыздандыруу үчүн төлөшү керек». 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуу үчүн ар бир жаран жылына 1 миң 504 сом төлөйт. Ага камсыздандыруу полиси берилген соң, ошол жылы дары-дармек 50 пайыз жеңилдик менен берилет. Ооруканадагы кызматтар үчүн акы арзандатылып, үй-бүлөлүк медициналык борборлордогу дарыгерлерге акысыз көрүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

2022-жылы 16 миллион 600 сомго 7 миң 132 полис (анын 791и чет элдик жарандарга) сатылды. Ошондой эле 54 миң 921 кош бойлуу аялга бекер полис берилди.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө шаар тургундары кандай пикирде?

— Медициналык камсыздандыруу полиси керектүү нерсе. Ар бир адам – ысык жан. Кайсы жакта, качан эмне болуп кетерин билбейбиз. «Кудай сактасын» деп эле жүрө беребиз. Ошондуктан бул азыркы замандагы коопсуз жашоонун шарттарынын бири деп түшүнөм.

— Адам болгондон кийин ар кандай кырдаалдар болуп калат. Ооруп же кырсыктап калышың мүмкүн. Ошондуктан бул керек нерсе.

— Каяктагыны ойлоп таап жатат бииздин бийликтегилер? Ооруканага кирип «чу» дегенде эле 150 сом, консультацияга да кошумча төлөнөт. Анан дарыгер толтура дары-дармек жазып берет. «Оорукана, мектеп бекер» деп биздин бийлик дайыма айтат. Мен мисалы ишенбейм. Себеби эки балам мектепте окуйт. Мектеп фондуна, ремонтко, дагы башка нерселерине төлөп эле келип жатабыз. 

Мыйзам кабыл алынса, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети үч миллиард сомдон сегиз миллиард сомго чейин көтөрүлөт.

Бул каражат кайра эле ооруканалардын абалын жакшыртууга, жаӊы жабдууларды алууга, дарыгерлердин айлыгын көбөйтүүгө жумшалары айтылды.

Медициналык маселелер боюнча эксперт Бермет Барктабасова медициналык камсыздандырууну ар бир жаран ыктыярдуу алышы керектигин белгиледи. Милдеттүү кылганда адамдардын укуктары бузулуп, түшүнүксүз жагдайлар пайда болот.

«Камсыздандыруу ыктыярдуу болушу керек. Ар бир адам үчүн милдеттүү болсо, түшүнүксүз жагдайлар көп болот. Анткени медициналык жардамга муктаж эмес, дары-дармек колдонбогон, дени сак адамдар да бар, аларды кантип жана эмне үчүн милдеттендирет?

Жарандарга тандоо сөзсүз берилиши керек. Мисалы, бир жаран медициналык полис алды, бирок аны жыл ичинде колдонгон жок. Анан акчасын кантип кайтарып ала алат? Башка өлкөлөрдө тескерисинче, дени сак, көп оорубаган кызматкерлерге эмгек акы көбүрөөк төлөнүп, сыйлыктар берилет. Бизде ооруганга, дарыгерге кайрылганга мажбурлагандай эле көрүнүш болуп жатат».

Өткөн жылдын башында президент Садыр Жапаров милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө чоң команда иштеп жатканын билдирген. Бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын чаралар көрүлө турганын да айткан.

2021-жылдын башында Саламаттыкты сактоо министрлигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кошулган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында Кыргызстанда болжолдуу 64 миң чет элдик жаран окуп, иштейт. Сунушталган мыйзам кабыл алынса, алар камсыздандыруу алгандан кийин бюджетке жылына 400 миллион сом түшөрү кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM