Биз менен байланышыңыз

Ажылык-2023: Зыяратчылардын жашы чектелбейт

Коом | 24 Янв 2023 | 1206 | 0

2023-жылдагы ажылык сапарга каттоо бүгүн, 24-январда башталды, ал 14-февралга чейин уланат. 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарга баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын РСК-банкына иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек.

Жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Быйылкы ажылыктын өзгөчөлүктөрү, баасы, каттоого керектеле турган документтер туурасында алдыда кененирээк токтолобуз. 

Сауд Арабия быйылкы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң орун бөлгөн. Айта кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 миң 313 жаран кезекте турат.

Талапкерлер 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1000 долларын төлөй албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.

2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок бара албай калгандар кайра каттоодон өтүү учурунда 1000 сомду төлөбөйт.

Каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Эгер катталуучулардын саны 7 миңге жетсе, каттоо мөөнөтүнөн мурда жабыла турганын Муфтияттын ажылык бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов айтып, шарттарына токтолду.

«Быйылкы ажылыктын өзгөчөлүгү талапкерлердин жашы чектелбей турганы болду. Мисалы, эгер мурун 65 жашка чейинкилерге гана барууга уруксат болсо, азыр жанында коштоочусу менен 65тен жогорку курактагылар да бара алат. Дагы бир нерсе, башка булактардан «аялдар махрамсыз бара алат» деген маалыматтар чыгып кетти. Алар чындыкка дал келбейт. Биздин Аалымдар кеңеши буга уруксат берген жок, себеби шариятта мындай нерсе жок. Ажылыкка аялдар сөзсүз түрдө махрамы (күйөөсү, атасы, агасы, иниси, баласы) менен бара алат».

Быйылкы ажылык сапардын так баасы азырынча белгисиз. Бул тууралуу Кыргызстан муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Ал 2022-жылы ажылык сапардын наркы 4,5 миң долларды түзгөндүгүн эске салып, бааны сапар жакындап калганда Сауд Аравия тарап белгилеп берерин айтты.

«Быйыл белгисиз, анткени каражаттын 99 пайызы Сауд Аравиядан көз каранды. Себеби ал жактагы төлөмдөрдү өздөрү айтат. Алсак, транспорт, чатыр, тамак-ашты арабдар белгилеп берет. Биз алар менен соодалаша албайбыз. Качан гана бизге маалымат бергенде гана так сумманы айтабыз».

Былтыр ажылык сапардын баасы 4500 долларга бааланган. Бул мурункуга салыштырмалуу 1000 долларга кымбат болгон.

Ошондой эле былтыр Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Быйыл болсо эки эсе көп берилген.

Муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев керектүү документтерди тизмектеди:

«Ажылык сапарга бара тургандар жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсүн, тууганчылыгын тастыктаган документ (эгер бирөө менен бара турган болсо), 3×4 өлчөмүндөгү сүрөт, №086/ж медициналык маалым кат бериши, мындан сырткары ажылар менен муфтияттын ортосунда келишим бар, ошол келишимге кол коюшу керек. Кийиминин өлчөмүн да айтып коюшу абзел».

Мурунку жылдары Сауд Арабиясынын талабы боюнча ажылыкка бара тургандардын жашы 65тен жогору болбошу жана ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт болчу. Быйыл бул талаптар жокко чыгарылган.

Ажылык — мусулмандар үчүн аткарууга милдеттүү болгон беш парздын бири. Бул жылы ажылык июль айында башталары болжолдонууда.

Copyright © 2017 Maral FM