Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Жаркынбек Касымбеков Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.
Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту — бул мурдагы «Алдын алуучу медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмеси. Ага былтыр декабрь айында «улуттук» статусу ыйгарылган.
Эске салсак, Жаркынбек Касымбеков былтыр 7-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулган. Бул кызматка ал былтыр июнда дайындалган. Ошондой эле ал убактылуу Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын милдетин аткарган.