Кыргызстандын мектептеринде жалпы 23 миң 751 эркек иштейт, бул жалпы кызматкерлердин санынын 19,3% ын түзөт.
Ал эми мектептерде мугалим болуп иштеген эркектердин саны 14 миң 858. Бул мугалимдердин жалпы санынын 15,3%ы.
Анын ичинде:
-Баткен облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринде 2 миң 911 эркек иштейт же бардык кызматкерлердин санынын 22,3% ы.
Ош облусунда – 5 миң 642 эркек же 20,5%,
Жалал-Абад облусунда – 4 миң 723 эркек же 19,3%,
Чүй облусунда – 3 миң 81 эркек же 17,7%,
Нарын облусунда – 1931 эркек же 24,4%,
Ысык-Көл облусунда – 1890 эркек же 19%,
Талас облусунда – 1151 эркек же 19,7%,
Бишкек шаарында – 1621 эркек же 13,8%,
Ош шаары – 1913 эркек же 20,6%.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Уланбек Мамбетакунов мектептерде мугалим агайлар жетишпей жатканын жана алардын санын көбөйтүү пландалып жатканын билдирген.
Бул үчүн 23-февралга карата «Мектептер агайларга муктаж» деген долбоор башталарын айткан.