19-январда, Кыргызстан тараптын чакыруусу менен Сауд Арабиянын Башкы штабынын башчысы Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайлинин жетекчилиги алдында Бишкекке аскердик делегация келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.
Элчинин айтымында, Сауд Арабиянын аскердик жетекчилигинин Кыргызстанга келиши кыргыз-сауд алакаларынын тарыхында алгач ирет болууда.
Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайлини Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кабыл алган. Тараптар аскердик тармактагы эки тараптуу кызматташуу жана коргоо мекемелерининин өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашты.
Ошондой эле сапардын алкагында Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, министрлик жана мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна, Бишкектик гарнизондун аскердик бейтапканасына барат.