Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Министрдин орун басары АКШнын элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 20 Янв 2023 | 142 | 0

Кечээ, 19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Аймактык коопсуздук, соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде америкалык компанияларды тартуу, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү жана USAID аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактарда кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM