Connect with us

Дээрлик 1 млн сомго жакын бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан фактылар аныкталды

Кыска кабар | 20 Янв 2023 | 293 | 0

Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери товарларды бажылык көзөмөлгө алуунун алкагында ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.

«Кургак материалдар үчүн полипропилен ийкемдүү контейнерлер» — товары Өзбекстандан алынып келинип, алуучунун кампасына убактылуу сактоого коюлуп, бажы көзөмөлүндө турганы аныкталган.

Бирок текшерүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн товарлар алуучунун кампасында жок экендиги аныкталган, бул бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы болуп саналат. Төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 970 441 сомду түздү.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтык журналында катталып, чогултулган материалдар башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM