Кечээ Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында Түркиянын Жандармериясы тарабынан аскердик автоунаалардын тетиктерин тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү Мустафа Ырмак, жандармериянын полковниги Угур Эвжим, КР ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев, ошондой эле командачылыктын өздүк курамы катышты.
Иш-чаранын соңунда Дамир Алыбаев түрк мамлекетинин өкүлдөрүнө акысыз жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы эки тараптуу аскердик кызматташууга ишенимин билдирди.