Connect with us

Быйыл агроөнөр жай комплексин каржылоого 3,5 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 216 | 0

«Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбооруна 3,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында сүт, эт, шекер, жумуртка, өсүмдүк майы, картөшкө, жашылчалар, жемиштер жана дан эгиндеринин кластерлерин өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары кошумча түзүлгөн келишимдердин негизинде балык, бал, жүн, пахта жана жаңгак мөмө-өсүмдүктөрүнүн кластердик бирикмелери түзүлүүдө.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Айыл Банк» ачык акционердик коому жана «РСК Банк» ачык акционердик коому тарабынан күрөөсүз жеңилдетилген насыя 3-5 жылга чейин 6 пайыз менен берилет.

«Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбоорунун негизинде 2023-жылдын 16-январына карата 3,5 млрд сом бөлүндү. Анын ичинде «РСК Банк» ачык акционердик коомуна – 1,7 млрд сом жана «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна – 1,8 млрд сом бөлүнүп, жалпы 2 млр 718,9 млн сомго 2 миң 381 кредиттер берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM