Бүгүн Бишкекте топоздун жүнүн, төөнүн чуудасын жана эчкинин тыбытын иштеткен «Кыргыз Кашемир» компаниясы ачылды. Ишкана жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы була өндүрүүнү көздөп жатат. Ишкана Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн малчыларды, кыркымчыларды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын үйрөтөт. USAIDдин беш жылдык «Конкурентүү ишкана» долбоорунун алкагында ишке кирген.
Чоң-Алай районунун тургуну Дилбар Адилбекованын үй-бүлөсү асыл тукум эчки баккандарына көп жыл болду. Ал атайын жаңы ачылган жүн фабрикасынын иши менен таанышуу максатында келген. Дилбар Адилбекова 2015-жылдан бери «Кыргыз Кашемир» компаниясынын тыбыт долбооруна катышып келет. Жети жыл аралыгында туура тыбыттоо жана аны туура сактоо жолдорун үйрөнүшкөн.
«Бизде биринчи ачылган мезгилде эл анча түшүнбөй, эчкилерди тараган эмеспиз. Эчкилерди кантип тыбыттоо керектигин эки-үч жыл аралыгында үйрөндүк, кыйынчылыктарын да көрдүк. Адамдар тыбыт тароону үйрөнүп, азыр баары ошону менен алектенип жатышат. Фермерлер өздөрүн финансылык жактан бир топ көтөрүп алышты, элге пайдасы зор болду. Бара-бара баасы көтөрүлүп, азыркы учурда бир килограммын үч миң сомдон алып жатат».
Дилбар Адилбекованын эки жүздөн ашуун эчкиси бар, жыл сайын 100 килограммдан ашуун тыбыт алышып, килограммын 3 миң сомдон сатышат. Анын айтымында, эчкилерди канчалык жакшы бакса, тыбыты да ошончолук көп болот. Ошондой эле тыбыт өндүрүү, асыл тукум мал багуу боюнча окутуулар болсо деген ойдо.
Убайдулло Абдираимов «Кыргыз Кашемир» ишканасына тыбыт ташып иштейт. Ал бардык эле тыбыт жарай бербесин, ишкана кандай тыбытты кабыл аларын айтып берди.
«Бизге келген тыбыт өтө сапаттуу болушу керек, анын сапаты микрондун жоон-ичкелигинде. Жоонун албайбыз, бизге ичкеси керек. Биз көбүнчө деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашуун бийикте жайгашкан аймактардан алабыз, анткени ал жердеги тыбыттардын микрону ичке болуп, сапаты жакшы болот. Бизде бүгүнкү күндө тыбыттын сапаты начар. Аны аргындаштыруу жолу аркылуу жакшыртса болот, биз муну практикада жасап көрдүк».
Тыбыттар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогултулуп, анан Токмок шаарындагы жүн жуучу жайга жеткирилет. Андан соң «Кыргыз Кашемир» ишканасына ташылып келип, жүн тытуучу станоктордон өткөндөн кийин сапаттуу булага айланат. Алар Европадагы брендге айланган кийимдерди тиккен фабрикаларга экспорттолот.
«Кыргыз Кашемир» ишканасынын жетекчилеринин бири Сай Белохлавектин айтымында, бул долбоор өлкөдөгү көптөгөн үй- бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртты. Ал Кыргызстандын тыбыты дүйнөдө бренд экенин билдирди.
«Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы дыйкандардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми келечекте ишканабызды кеңейтип, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн да тыбыт чогулта алабыз».
Бүгүнкү иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да катышты. Ал ишкананын жетекчилерине тыбыттын баасын дагы да көтөрүүнү сунуштады.
«Эгерде чийки зат болбосо, өндүрүш иштебейт. Менде маалымат бар: Кыргызстанда азыркы учурда 800 миңге жакын эчки, 46 миңге жакын топоз бар, жыл сайын 45 миң тонна кашемир алынат. Ошондуктан мен сиздерден суранат элем, фермерлерден кымбатыраак сатып алууга жардам бериңиздер. Биз мамлекет тарабынан ушул ишкананын жакшы иштөөсүнө жардам беребиз. Анткени бул ишкана канчалык көп иштесе, канчалык тыбыттын көлөмүн көбүрөөк кабыл алса, ошонун негизинде фермерлерибиздин, калкыбыздын киреше булагы көбөйөт».
Кыргызстандын тыбыт-жүнү буга чейин Кытайга арзан баада сатылып келген. Эми USAIDдин колдоосу менен Кыргызстанда ачылган ишкана жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы була өндүрүүнү көздөп жатат.