Биз менен байланышыңыз

Киев: Тик учак бала бакчанын жанына кулап, 18 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 559 | 0

Киев облусунун Бровари шаарында тик учак кулап, кырсыктын айынан 18 киши каза тапты. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Полициянын берген маалыматында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тийиштүү тик учактын ичиндеги 9 адамдын баары мүрт кеткен. Анын ичинде Украинын ички иштер министри да бар болгон.

Киев облусунун жетекчиси Алексей Кулеба тик учак бала бакчага жакын жерде кулаганын, каза болгондордун үчөө жаш бала экенин билдирди. Ал эми 15 чакты бала ар кандай жаракат алган. Жалпы жаракат алгандардын саны 29ду түзөт.

Тик учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:10до кулаган. Калың тумандын айынан көп кабаттуу үйдүн жанынан учуп өтө албай, бала бакчанын имараты тарапка кулап, өрттөнүп кеткен. Өрттүн айынан жарылуу болуп, дагы бир имарат кыйраган.

Каза тапкандардын арасында Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын биринчи орун басары Евгений Енин жана катчысы Юрий Лубкович да бар.

Copyright © 2017 Maral FM