Биз менен байланышыңыз

Ырчы, комузчу Малик Аликеев акка моюн сунду

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 3861 | 0

Белгилүү ырчы, КР эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев бүгүн, 17-январда акка моюн сунду. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары билдирди.

Малик Аликеев 2020-жылдан бери оору менен алпурушуп келген. Ага 2020-жылы жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталган. Бирок, ырчы басып кете алган эмес. Ал операциядан кийин сахналаш кесиптештеринин колдоосу менен концерт берүүгө жетишкен.

Малик Аликеев 1969-жылы Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Ал сахнага 17 жашында «Мөлмөлүм» ыры менен чыгып, бүтүндөй Кыргызстанга таанымал болгон. 2021-жылы «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамын алган.

«Маралдын» жамааты Малик Аликеевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM