Биз менен байланышыңыз

Кемин: Мугалимдердин атынан эсеп ачылып, миллиондогон акча уурдалган

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 2305 | 0

Чүй облусунун Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу жана уурдоо боюнча туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

2016-жылдан тарта азыркы убакытка чейин Кемин районунун билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды алып коюу жана уурдоо боюнча стабилдүү схема түзүлгөнү аныкталды.

Мекеменин жооптуу кызматкерлери орто мектептин мугалимдердин атынан аларга айтпастан «Бай түшүм», РСК банктарынан электрондук эсеп ачып, ар кандай операцияларды жүргүзүп келишкен. Аталган банктарда эсептери бар экенин, ошондой эле бул эсептердеги ири суммадагы акча каражатын чыгарып кеткендигин билбеген мектеп мугалимдери аныкталган.

Акча банкоматтардан башкы эсепчи Д.М., жана эсепчи К.Э. тарабынан чыгарылган. Келтирилген зыянды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүп, алдын ала жыйынтыктар боюнча аныкталган зыян 10 млн сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM