Биз менен байланышыңыз

Былтыр ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн 27 жаранына пенсия чектелди

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 163 | 0

Евразия экономикалык биримдикке мүчө болгон башка мамлекеттердин аймагында иштеп жүрүп, пенсия чектелген 27 жаранга 2022-жылы пенсия берилди. Анын ичинен Орусиянын 24 жаранына, Казакстандын 3 жаранына пенсия чектелген.

Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдиргендей, пенсиянын бир бөлүгү Орусия тарабынан Кыргызстандын бир жаранына (багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу) дайындалган.

2021-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM