Биз менен байланышыңыз

Ташкенттин экс-мэри өлкөдөн чыгып бараткан жеринен кармалганы айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 362 | 0

Ташкент шаарынын экс-мэри Жаҳонгир Артикхужаев өлкөдөн чыгып бараткан жеринен кармалганын, өзбек басылмалары ишенимдүү жеке булактарына таянып жазды.

Жашыруун булак берген маалымат боюнча экс-мэр өлкөдөн үй-бүлөсү менен чыгып бараткан учурда, атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан токтотулган. Азырынча анын кармалганы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Өзбекстандын Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыкхожаев жылытуу мезгилине начар даярдык көрүлгөнү үчүн кызматтан алынганы 16-январда өткөн жыйында айтылганын Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Президент Шавкат Мирзиёев калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүп, Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даярдыгы жетиштүү болбогону үчүн катуу сындаган.

«Кышкы сезонго даярданбаганы үчүн мен кечээ кечинде штабда Артыкхожаевди жумуштан бошоттум. Куру сөз, жалган «отчёту» үчүн, абийирсиздиги үчүн кызматтан алдым», — деп түшүндүрдү Мирзиёев.

Мындан тышкары үч райондун администрация башчылары кызматтан алынды. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп шаар акиминин биринчи орун басары Бахтияр Рахманов дайындалды.

«Жылуулук электр станциялары» акционердик коомунун төрагасы Фарход Абдурахмонов да кызматтан кетти.

Мирзиёев Башкы прокуратура менен Мамлекеттик коопсуздук кызматына жогорудагы жетекчилердин ишмердүүлүгүн иликтөөнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM