Биз менен байланышыңыз

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБине кайра жетекчи болду

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 255 | 0

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборуна кайрадан жетекчи болду. Анын кызматка кайра келишин борбордун жамааты каалаганын энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов 16-январда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ошондой эле анын тажрыйбалуу энергетик экени эске алынган.

«Ал тажрыйбалуу энергетик, жаштайынан эле ЖЭБте иштеп келген. Ошондуктан бул жылкы жылытуу мезгилин жакшы өткөрүү үчүн аны кызматка алуу чечими кабыл алынган. Ага чейин биз баарын изилдеп, консультацияларды алганбыз. Бул адам бизге керек болчу», — деди министрдин орун басары.

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси болуп 13-январда дайындалган.

Ал 2018-жылы Бишкек ЖЭБин жетектеп турганда борбордо авария болгон. Анын кесепетинен борбор шаар бир апта бою кыш чилдесинде жылуулуксуз отурган. Борборду модернизациялоого бөлүнгөн 386 млн доллардын сарпталышында коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги айтылып, ага байланыштуу бир топ жетекчилер жоопкерчиликке тартылган. Нурлан Өмүркул уулу да кызматтан алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM