Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну өнүктүрүүгө чакырды

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 676 | 1

Министрлер кабинетинде Социалдык фондду өнүктүрүү жана калкты пенсиялык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү маселеси боюнча кеңешме өттү. Аткаруу бийлигинин башчысы Акылбек Жапаров калкты пенсиялык жактан камсыздандыруу начар жүрүп жатканын айтып, быйыл бул маселени чечүүнү тапшырды.

Ал белгилегендей, пенсиялык системаны реформалоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөсө, республикалык бюджеттин пенсиялык камсыздоого кеткен чыгымдары жыл сайын жогорулай берет.

2023-жылдын башына карата пенсионерлердин саны 740 миңге жакын, жыл сайын алардын саны 40-50 миң адамга көбөйөт.

Эгер 2022-жылы пенсия менен камсыздоого 29,4 млрд сом бөлүнсө, 2023-жылы Соцфондго бюджеттен түз которуулар 41,4 млрд сомду түздү.

Социалдык фонддун калган басымдуу каражаты бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөр эсебинен да түзүлөт (2022-жылы — 23 млрд сом, 2023-жылы — 27,6 млрд сом), бул өлкөдө пенсиялык камсыздандыруунун өнүкпөгөндүгүн көрсөтүп турат.

Жыйында ошондой эле ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну өнүктүрүү, жаңы моделдерине өтүү жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду колдоо чаралары боюнча милдеттер коюлду.

«Айыл чарба кызматкерлеринин төгүмдөрүнүн үлүшү – 0,6%ды, ал эми алардын пенсиясына кеткен чыгымдар 40%ды түзөт. Жеке ишкерлер жана башка категориялар боюнча ушундай эле көрүнүш орун алган. Биз мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун жагымдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизгенбиз. Ошондой эле бардык жарандарга милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык программалардын так, түшүнүктүү жана натыйжалуу механизмдери жеткиликтүү болуусу үчүн кеңири маалыматтык программаны жүргүзүү зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

1 пикир

1 пикир

  1. Токтобубу

    16.01.2023 18:30

    Пенсия аз 40 жыл иштеп алган пенсия 12000 сом азыр эмнеге кетет озум2 стратеги гипертония мене ооруйт дарылаган да жетпейт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM