Биз менен байланышыңыз

УКМК: Курулуш тармагынын кызмат адамдары кармалды

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 334 | 0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун аймагындагы орто мектепти курууда тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүп, бюджеттен мыйзамсыз 15 млн сомду «С.Т.» ЖЧКсынын пайдасына чыгарып, бирок иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылбаганы аныкталды.

Тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Турак жай-курулуш департаментинин мурдагы директору А.А., Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Э., Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Д.К.  жана подряддык ишкананын директору К.А. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM