Биз менен байланышыңыз

17-январда жаан-чачын болбойт

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 255 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 17-январда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11;

Талас облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Нарында түнкүсүн -27…-32, күндүз -12…-17;

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18, күндүз -4…-6 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM