Биз менен байланышыңыз

Феликс Кулов өлкөнүн атын өзгөртүүнү сунуштоодо

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 2482 | 0

Саясатчы Феликс Кулов өлкөнүн атын өзгөртүүнү сунуштоодо. Ал белгилегендей, эл аралык аренада мамлекеттердин аттарын чаташтырып алган учурлар көп кездешет.

Акыркы жолу «Дүйнө сулуусу» конкурсунда да  алып баруучу кыргызстандык катышуучуну Казакстандан деп тааныштырганын мисал келтирди.

«Алгачкы булактарга кайрыла турган болсок, «стан» деген сөз перс тилинен келип, «жер, өлкө» дегенди билдирет. Азыркы перс тилинде топонимдерди – элдердин жашаган жерлеринин географиялык аталыштарын түзүү үчүн «стан» суффикси колдонулат.

Байыркы тарыхыбызда кыргыз мамлекетин белгилөө үчүн «стан» префикси эч качан колдонулган эмес. «Кыргызстан» деген аталыш салыштырмалуу жакында эле пайда болгон.

Мен убагында биздин өлкөгө Кыргыз Республикасы деп расмий аталыш берүүнү сунуштагам. Менин саясый оппоненттерим дароо сындап киришкен. Бирок кийинчерээк бул тема улам-улам көтөрүлө баштады.

Биздин Конституцияда өлкөнүн аталышы расмий тилде «Кыргызская Республика (Кыргызстан)», мамлекеттик тилде «Кыргыз Республикасы (Кыргызстан)» деп айтылат.

Эгер өлкөнүн аты «Кыргыз Республикасы» болсо, анда ал бардык тилдерде бирдей жазылып, бирдей айтылат.

Мен түшүнөм, азыр андан да маанилүү маселелер бар экенин айткан сынчылар сөзсүз болот. Бүгүн болбосо да келечекте жасоого эмнеге болбосун», — деди Феликс Кулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM