Connect with us

Ошто келин үч баласы менен түтүнгө ууланып каза болду

Кыска кабар | 13 Янв 2023 | 1029 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарынын Жапалак айылында 1990-жылы туулган келин үч баласы менен иске ууланып көз жумду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтарда жубайлар үйүн жаңы курганы жана мештин мору туура эмес жайгашканы айтылууда.

Жапалак айыл аймагындагы Качыбек айылына жакын жайгашкан Чек тилкесинин тургуну — 1990-жылы төрөлгөн Мунира Бактыбек кызы жана анын бир кыз, эки уулу иске ууланган. Окуя болгон маалда келиндин күйөөсү жумушта болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM