Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Кемпир-Абад боюнча кармалган 25 жаранды бошоткула

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 303 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүнкү жыйында Кемпир-Абад боюнча кармалган 25 жаран 2 айдан бери бир дагы жолу суракка алынбагандыгын сынга алды.

Анын айтымында, Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын кафеде жолугушуу учурунда бийликти басып алуу боюнча бир дагы сөз болгон эмес. Масалиев ал жолугушууга өзү дагы катышкандыгын, алар боюнча күбө катары айтып жаткандыгын белгиледи.

«Камалганына эки ай болсо дагы сурак болбогон жарандарыбыз бар. Бул нормалдуу көрүнүшпү? Жарандарды эркиндикке чыгаргыла, бошоткула. Прокуратура органы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Сурак эмнеге кечигип жатканын көзөмөлдөшүңөр зарыл», — деди Масалиев.

Депутатка Башкы прокуратуранын өкүлү тергөөнүн мөөнөтү бүтө электигин, белгилеген мөөнөттө алар чечим кабыл алыша тургандыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM